19:42
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.11

Жапаров менен Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Тизме

Бишкектеги «Ынтымак Ордо» борборунда Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушууда билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык тармактарында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Кол коюлган документтердин толук тизмеси төмөнкүдөй:

  • Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин стратегиялык пландаштыруу тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ички иштер жана миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук макамы жөнүндө макулдашуусу;
  • Министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н. Ельциндин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуусу;
  • Министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашуусу;
  • Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министрлигинин кардиология тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;
  • 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен «Россия почтасы» акционердик коому ортосундагы макулдашуу.
Эң көп окулган жаңылыктар