08:45, 27 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтөт.
Жыйынга уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары — Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда.
2026-жылы ЖККУдагы төрагалык Кыргызстандан Россияга өтөт, бул уюмдун алкагындагы биргелешкен демилгелердин үзгүлтүксүздүгүн жана мындан аркы өнүгүшүн камсыз кылат