10:10, 27 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Токмоктогу кургак чөптүн өртүнөн улам чыккан өрт 11 сааттын ичинде өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт саат 20:30да чектөөгө алынып, толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 2 сарай, 1000 түк чөп, 1 чарбалык курулуш, 1 желмаян (муравей) жана болжол менен 400 гектар аянттагы камыш, бадал- бактар өрттөндү.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажыкеевдин көрсөтмөсү менен өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов өрт чыккан аймакка барды. Ал жабдууларды жана суу менен камсыздоону текшерип, андан кийин өрттү өчүрүү процессин жеке көзөмөлүнө алды. Ошондой эле, ал өрт чыккан аймакты дрон менен текшерип, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди.
Эске сала кетсек, Токмоктун жанындагы ачык аянтта 26-ноябрда саат 12:13тө өрт чыкканы тууралуу кабарланган. Катуу шамал өрттүн тез жайылышына өбөлгө түзгөн.
Өрттү өчүрүүгө 186 кызматкер, 11 өрт өчүрүүчү бригада, эки суу ташуучу унаа, бир мобилдик башкаруу борбору, эки дрон, эки мобилдик насостук станция, эки атайын техника бирдиги жана беш мотопомпа катышкан.