16:10
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.11

Криштиану Роналду Мадрид шаарында жаңы клуб ачты

Португалия курама командасынын лидери жана «Аль-Наср» чабуулчусу Криштиану Роналду ишкердик ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү улантып, Мадриддин борборунда Vega Members Club аттуу жаңы жеке мекемени негиздегенин Marca басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, долбоор борбор калаадагы ресторандардын жана түнкү клубдардын белгилүү ээси Иниго Ониева менен биргеликте ишке ашырылууда. Болжол менен 1000 чарчы метрлик клуб чектелген мүмкүнчүлүктөгү жеке мейкиндик катары иштейт.

Имараттын ичинде уюлдук телефондорду колдонууга, сүрөткө тартууга жана видео жаздырууга тыюу салынат. Дизайн 1950-жылдардагы Нью-Йорктун интерьерлеринен шыктанган жана Soho House сыяктуу клубдардын концепциясына негизделген. Даярдык иштери аяктагандан кийин ачылышы күтүлүүдө

Эң көп окулган жаңылыктар