Кыргызстанда сутка ичинде 53 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен:
- Чүй облусунда — 18;
- Бишкек шаарында — 10;
- Жалал-Абад облусунда — 7;
- Ош облусунда — 7;
- Баткен облусунда — 3;
- Ош шаарында — 3;
- Ысык-Көл облусунда — 2;
- Талас облусунда — 2;
- Нарын облусунда — 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 65 бөлүм тартылган.


