15:19
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.11

Бишкекте ЖККУнун жыйыны башталды

Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды.

Жыйынга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышууда.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Бишкекте ЖККУнун жыйыны башталды

Жыйынтыгында жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу күтүлүүдө.

2026-жылдын 1-январынан тартып, уюмдун төрагалыгы Россия Федерациясына өтөт. Андан тышкары, мүчө өлкөлөр 2026—2029-жылдар аралыгындагы жаңы ЖККУнун башкы катчысынын талапкерлигин карашат.

Эң көп окулган жаңылыктар