12:52, 27 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды.
Жыйынга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышууда.
Жыйынтыгында жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу күтүлүүдө.
2026-жылдын 1-январынан тартып, уюмдун төрагалыгы Россия Федерациясына өтөт. Андан тышкары, мүчө өлкөлөр 2026—2029-жылдар аралыгындагы жаңы ЖККУнун башкы катчысынын талапкерлигин карашат.