19:53
USD 87.45
EUR 101.38
RUB 1.12

Кемин районунда төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 27-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин районунда 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушуна капсула салды.

Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен өлкө боюнча социалдык муктаждыктарды канааттандырууга жана жаш муундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында Чүй облусунда мектептерди, бала бакчаларды, социалдык объектилерди жана төрөт үйлөрүн куруу өзгөчө орунду ээлейт.

Эң көп окулган жаңылыктар