Ислам тилектештик оюндары. Байге уткан кыргыз балбандары акчалай сыйлык алышты

08:00, 28 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Сауд Арабиясындагы Ислам тилектештик оюндарында медаль утуп алган кыргызстандык балбандар акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу күрөш федерациясы социалдык тармактарда жарыялады.

2025-жылдагы Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык балбандар тогуз медаль утуп алышкан — төрт алтын жана беш коло.

Жеңүүчүлөргө 200 миң сом, ал эми коло медаль уткандарга 100 миң сом берилди.

Күрөш боюнча улуттук курама командалардын башкы жана улук машыктыруучулары 200 миң сомдон алышты.

Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов жана Абдумалик Карачев ар бирине 200 миң сомдон берилди.

Аруука Кадырбек кызы, Раззак Бейшекеев, Асан Жанышов, Билол Шарип уулу жана Орозбек Токтомамбетовго 100 миң сомдон тапшырылды.