Фото Интернеттен алынды. Министрлер кабинети «Учкун» ААКсын стратегиялык объектилердин тизмесине кошту.
Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдөгү стратегиялык объектилердин тизмесин бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизди. Бул чечим бир катар маанилүү объектилердин коопсуздугун күчөтүү максатында кабыл алынды.
«Экономикалык жактан маанилүү жана өзгөчө кооптуу объектилер» бөлүмүндө «А» категориясына (өзгөчө маанилүү объектилер) жаңы ишкана «Учкун» ААКсы кошулду.
Токтом он күндөн кийин күчүнө кирет.


