Бишкектеги жаңы таштанды өрттөөчү заводдо электр энергиясын өндүрүү расмий түрдө башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулду. Азырынча жаңы кошулуп 3,5 МВт берип жатат, бүгүн кечке чейин 18 МВт кубаттуулукка жетери күтүлүүдө. Толук кандуу ишке киргенден кийин 30 МВт кубаттуулукта электр энергиясын берип, электр тармактары аркылуу элге кызмат кылат.
«Ошентип, 50 жылдан ашык түтөп жаткан таштанды полигонунан кутулдук деп айтсак болот. Эми таштандыларды заводдо өрттөп, андан электр энергиясын өндүрүп, калдыктарынан курулуш материалын чыгарабыз.
Бишкекте 1 суткада 1000 тоннага жакын таштанды чогулса, бул завод суткасына 1200 тонна таштандыны жок кылуу кубаттуулугуна ээ», — деп жазды Орунбеков.


