15:02
USD 87.45
EUR 101.38
RUB 1.12

Гонконгдогу көп батирлүү үйдөгү өрттөн каза болгондордун саны 94кө жетти

Гонконгдогу көп батирлүү үйдөгү өрттөн каза болгондордун саны 94кө жетти. Бул тууралуу South China Morning Post гезитини жазып чыкты.

Гонконг полициясы турак жай комплексиндеги өрткө байланыштуу үч адамды камакка алганын жарыялады. Алар адам өлтүрүүгө шектелүүдө.

52 жаштан 68 жашка чейинки үч эркек киши камакка алынды. Алар комплексте оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн курулуш компаниясында иштешет. Алардын экөөсү компаниянын жетекчилери, ал эми экинчиси консалтинг инженери.

Бийликтин маалыматы боюнча, имараттардын сыртынан өрткө туруктуу эмес материалдар табылган. «Компаниядагы жооптуу адамдар бул кырсыкка жана өрттүн көзөмөлсүз жайылышына алып келген одоно шалаакылык көрсөтүшкөн деп ишенүүгө негиз бар, бул көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келди», — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, 26-ноябрда Ван Фук Корт көп кабаттуу турак жай комплексинде чоң өрт чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар