17:04, 28 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Токмоктогу консерва заводунун мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктап, аны мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, «Токмок консерва заводу» 1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун токтому менен «Ак-Тилек» акционердик коому болуп кайра түзүлгөн. Ушул эле токтом менен «Ак-Тилек» акционердик коомунун акциялары эмгек жамаатына 8, коомдун жетекчиси Т.А.га 2,5 жана Мамлекеттик мүлк фондуна 89,5 пайыз болуп бөлүнгөн. Кийин «Ак-Тилек» акционердик коому «Консерва завод» акционердик коому болуп аталып калган.
Шектүү акцияларды өткөрүп берүү схемасы:
Белгилей кетсек, аталган «Консерва завод» тууралуу тиешелүү органдарда жеке тараптарга өтүп кеткендиги тууралуу так маалыматтар жоктугу аныкталды.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жүрүшүндө заводдун имараттары, кампалары жана 7,238 га жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды.
Ал эми Кытай жараны Д.Ц. тарабынан баасы 10 млн сомду түзгөн мүлк ыктыярдуу жана акысыз негизде мамлекттик мүлк фондуна өткөрүлүп берилди.