29-ноябрга карата аба ырайы

17:44, 28 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 29-ноябрда өлкө аймагында жамгыр жаабайт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн — 4 ... +1, күндүз +12 ... +17;

Талас жергесинде түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +13 ... +15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +15 ... +17 градус;

Ысык-Көлдө түнкүсүн −1 ... +1, күндүз +6 ... +8;

Нарын аймагында түнкүсүн −11 ... −13, күндүз +5 ... +7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0 ... −2, күндүз +14 ... +16 градуска жетет.