24-ноябрдан 30-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 344 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1 804;
- мас абалында унаа башкаруу — 348;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 168;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 785;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 824;
- авто ээнбаштык — 17;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 124;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 7;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 847;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 420 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.


