Кыргызстанда бир жумада 20 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

11:11, 01 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

24-ноябрдан 30-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 344 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1 804;
  • мас абалында унаа башкаруу — 348;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 168;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 785;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 824;
  • авто ээнбаштык — 17;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 124;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 847;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 420 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.