Аргентиналык футболчу Лионель Месси «Интер Майами» менен «Нью-Йорк Сити» футбол клубдарынын ортосундагы беттеште 405-пас берүүсүн жасап, дагы бир рекорд койду. RBC маалыматы боюнча, мурунку дүйнөлүк рекорд венгриялык оюнчу Ференц Пушкашка таандык болчу.
Лионель Месси 67-мүнөттө 19 жаштагы Матео Сильветтиге голдук пас берип, ал үй ээлеринин үчүнчү голун киргизди. Ал муну менен эле токтоп калбастан, MLS плей-оффунда Чыгыш конференциясын жеңип, карьерасындагы 47-титулду жеңип алды.
Эске салсак, аргентиналык футболчу дүйнөдөгү эң көп сыйлык алган оюнчу болуп саналат. Анын мурдагы командалашы, карьерасын аяктаган Дани Алвес 43 кубок менен экинчи орунда турат.


