16:15, 01 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекти коюу түтүн каптап калды. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасынын окурманы билдирди.
Ал 12-кичи райондогу көп кабаттуу имараттын үстүндө туруп, борбор калаанын үстүндө пайда болгон боз түтүндүн катмарын камерага тартып алган.
IQAir компаниясынын маалыматы боюнча, 1-декабрда саат 14:00гө карата шаардын абанын сапатынын индекси (AQI) 180ди түздү — «ден соолукка зыяндуу». Негизги булгоочу зат — майда бөлүкчөлөр (PM2.5), алардын концентрациясы стандарттан бир топ жогору болууда.