08:46, 02 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 2-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Куйручук, Молдокулов, Ахунбаев;
Репин, Алыбаев, Термечиков, Лев Толстой кочөлөрү
Өчүрүү суу түтүктөрүндөгү авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.