12:08
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.13

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин, сүзүп качкан айдоочу кармалды

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин, сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү саат 07:05 чамасында Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 59 жаштагы кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Ал жолдо иштеп жаткан.

Тилекке каршы, 59 жаштагы жабырлануучу 27-ноябрда таңга маал Улуттук госпиталда каза болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар