15:21
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.13

Мирланбек Казыбай уулу Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды

Мирланбек Казыбай уулу Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.

Жаңы дайындалганга чейин ал Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Шаардык администрацияда башкы адис, ички аудитор жана шаар курулушу жана муниципалдык менчик департаментинин башчысы болуп эмгектенген.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Ош мэриясынын басма сөз кызматы. Мирланбек Казыбай уулу Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды

Ош мэриясы Мирланбек Казыбай уулу мүлк маселелерине жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө байланыштуу тармактарды көзөмөлдөй турганын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар