14:47, 02 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Мирланбек Казыбай уулу Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Жаңы дайындалганга чейин ал Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Шаардык администрацияда башкы адис, ички аудитор жана шаар курулушу жана муниципалдык менчик департаментинин башчысы болуп эмгектенген.
Ош мэриясы Мирланбек Казыбай уулу мүлк маселелерине жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө байланыштуу тармактарды көзөмөлдөй турганын белгилейт.