Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтө турган Азия жаштар пара оюндарына катыша турган улуттук курама команданы узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук курама команданын капитаны, пара пауэрлифтинг боюнча спортсмен Азизбек Нарбаевге мамлекеттик туусу тапшырылды.
Аземде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана спортчулардын коштоочулары катышкан.
Белгилей кетсек, Азия жаштар пара оюндары 7-14-декабрь күндөрү өтүп, өлкө атынан жалпы 40 адамдан турган делегация барат. Алардын курамында 20 спортчу, 10 машыктыруучу жана команданын башка мүчөлөрү бар. Биздин спортчулар сууда сүзүү, таэквондо, жеңил атлетика, стол тенниси, пауэрлифтинг, голбол, армрестлинг жана бочча сыяктуу спорттун 8 түрү боюнча таймашат.


