17:11
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.13

Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн туруктуу өнүктүрүү концепциясын бекитти

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн туруктуу өнүктүрүү концепциясын бекитти

Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык системасын 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитти. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, концепциянын өзү, аны ишке ашыруу планы жана максаттардын ишке ашырылышы баалана турган индикаторлордун матрицасы бекитилди.

Министрликтерге, агенттиктерге, Улуттук илимдер академиясына, Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына бардык чараларды белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.

Концепциянын негизги максаты — Ысык-Көлдү жана аймактын биосфералык коругун антропогендик жана техногендик терс таасирлерден коргоо, ошондой эле аймакта туруктуу экономикалык өсүштү жана калктын жашоо сапатын жакшыртууну камсыз кылуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар