17:26, 02 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 3-декабрда өлкө аймагында жамгыр жаабайт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −2 ... −7, күндүз +9 ... +14;
Талас жергесинде түнкүсүн −2 ... −7, күндүз +8 ... +13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1 ... −3, күндүз +12 ... +14 градус;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1 ... −3, күндүз +7 ... +9;
Нарын аймагында түнкүсүн −12 ... −14, күндүз +1 ... +3 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн −3 ... −5, күндүз +12 ... +14 градуска жетет.