Тынчтык Шайназаров: «БШК жана ИИМ шайлоодогу бардык мыйзам бузууларды иликтейт»

00:15, 03 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөр боюнча кайрылуу жасады.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шайлоо максималдуу ачык-айкындуулук менен жана мыйзамга ылайык уюштурулган.

«Мамлекет кайсы бир талапкерди сүрөп же кайсы бир талапкерге бут тосуп административдик ресурсту колдонгон жок. Тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралашпоону талап кылды. Кыргызстанда алгачкы ирет жаңы система — аралыктан (алыстан) добуш берүү колдонулду. Мындай шартты түзүү менен ар бир шайлоочунун катышуусуна кам көрүлдү.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктап, 20:01дө болжолдуу жыйынтыктар жарыяланып баштады.

Анын баарын түз эфирде, ачык-айкын сиздер менен биргеликте көзөмөлдөп турдук», — деди ал.

Ал белгилегендей, добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланууда. Ал видео фактылардын көпчүлүгү ИИМде да бар.

Учурда Боршайкомдун дарегине келе электери социалдык тармактардан алынып, териштирүү башталды. Ага жараша тиешелүү чечим кабыл алынат.

«Айрыкча социалдык тармактарда «БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!» деген сын-пикирлер айтылууда.

Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз.

Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам», — деди ал.