Токтогул райондук ооруканасына кошумча жаңы корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган оорукананын курулушу менен таанышты.
Курулуш иштери ушул жылдын октябрь айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен башталган. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы башталды.
Курулуш иштери министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Ал эми корпустун долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.


