Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстандагы пенсиялык каржылоо 96,1 миллиард сомду түздү. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,8 миллиард сомго көп.
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы бир топ көбөйүп, пенсияга 82,2 миллиард сом бөлүндү.
Эң көп каражат Бишкекке бөлүндү:
- 17,9 миллиард сом. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 миллиардга көп.
- Ош облусуна 16,7 миллиард сом (2 миллиардга өсүш),
- Жалал-Абад облусуна 16,5 миллиард сом (2,4 миллиардга өсүш).
- Чүй облусунда пенсияга 12,7 миллиард сом,
- Ысык-Көл облусуна 8,6 миллиард сом,
- Баткен облусуна 8,2 миллиард сом,
- Нарын облусуна 7,2 миллиард сом,
- Талас облусуна 3,9 миллиард сом
- Ош шаарына 4,4 миллиард сом бөлүндү.


