Кыргызстанда пенсиялык каржылоо 96,1 миллиард сомду түздү

09:03, 03 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстандагы пенсиялык каржылоо 96,1 миллиард сомду түздү. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,8 миллиард сомго көп.

Төлөмдөрдүн жалпы суммасы бир топ көбөйүп, пенсияга 82,2 миллиард сом бөлүндү.

Эң көп каражат Бишкекке бөлүндү:

  • 17,9 миллиард сом. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 миллиардга көп.
  • Ош облусуна 16,7 миллиард сом (2 миллиардга өсүш),
  • Жалал-Абад облусуна 16,5 миллиард сом (2,4 миллиардга өсүш).
  • Чүй облусунда пенсияга 12,7 миллиард сом,
  • Ысык-Көл облусуна 8,6 миллиард сом,
  • Баткен облусуна 8,2 миллиард сом,
  • Нарын облусуна 7,2 миллиард сом,
  • Талас облусуна 3,9 миллиард сом
  • Ош шаарына 4,4 миллиард сом бөлүндү.