13:24
USD 87.45
EUR 101.54
RUB 1.13

Аманкан Кенжебаев Оштогу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Аманкан Кенжебаев

Кыргыстандын президенти Аманкан Кенжебаевди Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындады. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 3-декабрда кол коюлду.

Аманкан Кенжебаев — мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1967-жылы Чүй облусунда туулган. Ал айыл чарбасында иштеп, Сокулук районун жетектеген, кийинчерээк Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайланып, агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча парламенттик комитеттин төрагасы болуп иштеген. Ал жер мамилелери жана аймактык өнүктүрүү боюнча активдүү позициясы менен белгилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар