14:18, 04 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы абанын булганышын көзөмөлдөө боюнча иш-аракеттерин улантууда. Шаардын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, инспекторлор тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү аныктоо жана алдын алуу үчүн борбор калаада иштеп жаткан 83 мончо жана саунага барышты.
Маалыматка ылайык, аталган жайлардын 83ү текшерилип, жыйынтыгында 49 мончо менен сауна катуу отун (көмүр жана отун) колдонору аныкталды. Дагы 8 объект газга же электр жылытууга өткөнү белгилүү болду. Ал эми калгандарынын иши токтотулду.
Муниципалдык инспекция борбор калаанын тургундарына экологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертип, аларды төмөнкүлөргө чакырат:
Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаар аймагында тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, авто майларын, боёк материалдарын жана пластмасса, каучук, желим, резина буюмдарын өрттөөгө тыюу салынат.