Эртең, 5-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +6... +11,
Талас жергесинде +6... +11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +6... +11,
Ысык-Көлдө +4... +9,
Нарында +1... +6,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы +6... +8 градус болот.


