02:42
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Садыр Жапаровдун Пакистан сапарында он алты документке кол коюлду. Тизме

Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында кол коюлду.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаровдун Пакистан сапарында алты документке кол коюлду. Тизме

Кол коюлган документтердин тизмеси:

— Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

— Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Айыл чарба жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын Деңиз иштери министрлигинин ортосундагы регионалдык байланыштар үчүн Пакистандын портторун колдонуу тармагында өз ара кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын Коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Укуктук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Тоо-кен жана геологиялык илимдер жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Хирургиялык аспаптар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Электрондук маалымат алмашууну түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Бишкек менен Исламабад шаарынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашуу;

— Дипломатиялык кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия менен Пакистандын Заманбап тилдер улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Эң көп окулган жаңылыктар