10:07, 05 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыстандын тышкы карызы 37 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бул жыйынтыкка акыркы төрт жылда бюджеттин карыз жүгүн азайтуу боюнча президенттин көрсөтмөсүнүн алкагында жетишилген. Мекеменин башчысы бул жыйынтыкты мамлекеттик каржы саясатынын жетишкендиги катары баалады.
Ошондой эле ал Кыргызстандын позициясынын ишенимдүүлүгүн Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу мониторинг жүргүзгөн тышкы аудиторлор тастыктаганын кошумчалады. Эксперттер өлкөнүн тышкы карызын туруктуу деп эсептешет.
Алмаз Бакетаев өлкөнүн мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелери жок экенин жана ал тургай карыздын бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Ал мамлекеттин карыз милдеттенмелери боюнча тынчсызданууга эч кандай негиз жок, анткени кырдаал көзөмөлдө деп жыйынтыктады.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров мурда 2020-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик карызды тейлөөгө 285,4 миллиард сом бөлүнөрүн, анын 170,5 миллиарды тышкы карыз жана 114,9 миллиарды ички карыз экенин жарыялаган. Ал азыркы экономикалык өсүш темпинде тышкы карыз 2035-жылга чейин төлөнүп бүтөөрүн белгиледи.