10:22, 05 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстан 4-декабрда «Манас» эпосу күнүн белгиледи. Улуттук филармонияда майрамдык иш-чара өткөрүлүп, ага маданий, саясий жана коомдук ишмерлер катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик катчысы жана азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов да болду.
«Манас» эпосу күнүнө карата өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш-чарада Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосунан үзүндү айтып элдин назарын бурду.
Эске салсак, Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында «Манас» эпосу күнүнө карата салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында уюштурулган бул иш-чарада эпостук чыгармалардын көркөм окуулары, музыкалык жана театралдык номерлер көрсөтүлдү. Ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, актёрлордун коштоосунда сахналаштырылып көрсөтүлдү.