14:13, 05 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. УКМКнын басма сөз борбору билдиргендей, Тынчтык Субанкулов башкармалыктын башчысы болуп дайындалды.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, буга чейин башкармалыкты Каныбек Досмамбетов жетектеп келген.
Бүгүн жаңы жетекчини жамаатка тааныштырууга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана облус активи катышты