Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

16:16, 05 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

6-7-декабрда Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин уюштурулуп турат.

Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.

Жарманкенин негизги максаты — баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Фото

Жарманке төмөнкү даректе өтөт:

Т. Усубалиев аянты;

И. Раззаков жана Абдымомунов проспектилеринин кесилиши;

Эркиндик бульвары (Биринчи май району).

Катышуучунун талаптары:

Азык-түлүктөр жогорку сапатта болушу жана санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп бериши керек;

Баалар базар баасынан төмөн болушу керек;

Райондук айыл чарба департаментинен тастыктоо каты талап кылынат.

Кошумча маалымат жана суроолор:

(0312) 66-14-22

0702 70 20 00