17:13
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Америкалык 20 тил билген Камила: «Кыргыз тилин жан дүйнөм менен жактырам»

Автордон
Фото Автордон. Камила Фарр

Кыргызстанга бир да жолу келбесе дагы, америкалык полиглотчу Камила Фарр кыргыз тилинде эркин сүйлөп, кыргыз маданиятын, салт-санаасын терең түшүнөт. Ал кыргыз тилин 2024-жылы үйрөнө баштаган. Ал эми казак тилин буга чейин эле эркин өздөштүргөн. Бүгүнкү күндө Камила 17ден ашык тилди билет. Алардын арасында өзбек, хазара (хазарей), вьетнам, кыргыз, тажик, немис, испан тилдери бар.

Камила — гиперполиглоттордун Эл аралык ассоциациясы болгон HYPIA уюмунун мүчөсү жана лингвистика жаатындагы жаш талант катары чет өлкөлүк жана аймактык ЖМКларда айтылып келет. Анын Instagram баракчасында 33 миңден ашуун жазылуучусу бар, алардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундары болуп саналат. Ал өзүнүн @kidpolyglot баракчасына кыргыз, казак жана башка аймактардагы тилдерде үзгүлтүксүз видеолорду жарыялап, маданий диалог жана тил үйрөнүүнү жайылтууда.

Биз Камила менен тил үйрөнүүнүн сырлары, Кыргызстанда эмне жагары жана Борбор Азия тилдерин кантип өздөштүрө баштаганы жөнүндө маектештик.

«Тил — бул адамды түшүнүүнүн эң чоң көпүрөсү»

«Мен Американын Атланта шаарында жашайм. Тил үйрөнүүнү 9 жашымда баштагам», -дейт ал.

Камиланин айтымында, тилдерге болгон кызыгуусу адамдарга болгон кызыгуудан башталган.

«Башка тилде сүйлөй алсаң, башка маданиятты, жашоо образ-стилдерин жакшыраак түшүнөсүң. Бул мен үчүн эң чоң мотивация», — дейт Камила

Орто Азия тилдери угумдуу жана ширин

«Менин Орто Азия тилдерине кызыгуум 15 жашымда башталган. Алгач казак тилин үйрөндүм. Кийин кыргыз досторумдун жардамы менен тез эле кыргызча сүйлөп калдым», — дейт Камила.

Анын айтымында, кыргыз жана казак мадиятынын меймандостугу, жакындыгы жана жылуулугу аны өзүнө тартып алган.

«Кыргызстан менен Казакстандын табигаты, тазалыгы баардыгы мага абдан жагат. Элдери кең пейил, элпек адамдын жүрөгүн жылытып турат».

Кыргызстанга келүү — анын чоң кыялы

Камила Кыргызстанда болуп көрө элек, бирок сөзсүз барууну каалайт.

«Бишкек, Ош базары, Талас, Ысык-Көл — ушулардын баарын көргүм келет. Ал эми кыргыздын тоюуна катышуу — менин өзгөчө кыялым!»- деп жылмайды. Анткени анын Атланда шаарында Таластан достору көп.

Кыргыз тилин үйрөнүү оңойбу же оорбу?

Камила Кыргыз тилин үйрөнүүдөгү кыйынчылыктар жана ыкмалары менен ой бөлүштү.

Камиланин айтымында, башында казакча менен кыргызчаны аралаштырып алган учурлар көп болгон. Бирок талыкпаган такшалма жүзүндө бир топ тоскоолдуктардын үстүнөн иштеп дайыма үйрөнүп келген.

Анын тил үйрөнүүдө карманган жөнөкөй, бирок таасирдүү ыкмалары бар:

  • грамматиканы минималдуу үйрөнөт
  • көп практика кылат
  • сөздөрдү контекст түрүндө жаттайт
  • жаман сөздөрдү эмес, жакшы маанидеги сөздөрдү топтойт

Кыргыз тилин үйрөнүүдө YouTube каналынан жардам алган. Анда аталган интернет желеси аркылуу «Кыргыз тилин үйрөнүңүз» деген каналдан үйрөнө баштаган. Ошондой эле балдар үчүн жазылган китептерди да окуп, ошол тилге өзүн улам байытып турат.

Кыргыз достору- чоң колдоо

Камиланын Американын өзүндө 30га жакын кыргызстандык достору, Ала-Тоодо дагы 15 чакты тааныш адамдары бар.

«Көп учурда WhatsApp аркылуу сүйлөшөбүз. Алар мага тилди гана эмес, менталитетти да түшүнүүгө жардам берди», — деп белгиледи ал.

Кыргыз маданиятына болгон сүйүүсү

Камила кыргыз тамактарын да жактыраарын жашырбайт.

«Айрыкча лагман, аш, манты, самса — баары жагат. Көбүнчө «Кеңеш» тобун угам, «Көк жигули» ырын абдан жакшы көрөм», -дейт полиглот.

Буга кошумчалай, үйүндө кыргыз көйнөктөрү, улуттук буюмдар, комуз да бар экенин айтып кубанды.

100 жашка чыкканда 100 тил билүү

Камиланин эң чоң максаты — жылына бир тил үйрөнүп, 100 жашка чыккандан кийин 100 тил билүү.

«Кыргыз тилине болгон кызыгуу көбөйсө экен»

Эмне үчүн маек берүүнү кааладыңыз деген сурого ал мындай жооп берди:

«Кыргызча сүйлөгөн чет элдиктер аз. Менин өз үлгүм менен башкаларга дем бергим келет. Кыргыз тилине кызыккан адамдар көбөйсө экен».

Акырында Камила кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, бул сөздөр менен маекти жыйынтыктады:

«Мен кыргыз элин да, кыргыз тилин да жүрөгүмдөн сүйөм. Өлкөңүздөр өнүгө берсин. Чоң рахмат».

Эң көп окулган жаңылыктар