Бишкек шаардык кеңешине жаңы эки депутат келиши мүмкүн. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңешке Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Куванычбек Конгантиев жана Жаныбек Абиров (Жаңы күч) килиши күтүлүүдө.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Конгантиевдин ордуна Бекзат Мамырканов, ал эми Абировдун ордуна Айбек Дунканаев келет.
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Болот Ибрагимов да парламентке кетип жатат. Ал жана Улукбек Карыпбек уулу мурда жергиликтүү кеңештин мүчөлүгүнөн кетишкен. Алардын ордуна жаңы шайланган өкүлдөр Тилек Асылбеков жана Азирет Асылбеков келишет.


