09:00, 09 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жабылуу аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
Ахунбаев көчөсү, Бакаев көчөсү, Циолковский көчөсү, Псковская көчөсү жана Леваневский көчөсү.
Бул аймактарда суу түтүктөрүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлуп жатат.
«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.