Бир нече ашууларда убактылуу чектөөлөр алынды. Долондо иштер уланууда

10:09, 09 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыстандын көптөгөн аймактарында кар жаап жатат, ал эми жол кызматтары күчөтүлгөн жумуш графигине өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Учурда негизги каттамдарда жол кыймылы ачылды.

Бүгүн, 9-декабрь саат 09:30га карата Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр — Талас — Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Транспорт министрлиги. Бир нече ашууларда убактылуу чектөөлөр алынды. Долондо иштер уланууда.
Ал эми Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.