Жапония 19-20-декабрда Токиодо Борбордук Азиянын беш мамлекетинин катышуусунда C5+1 саммитин өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Жапон маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, күн тартибине премьер-министр Санаэ Такаичи менен аймактын өлкөлөрүнүн лидерлеринин ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр да кириши мүмкүн.
Либералдык-демократиялык башкаруучу партиянын вице-президенти Таро Асо жакында Орусия, Кытай жана АКШ менен болгон Борбордук Азиянын бир катар саммиттерин эске алуу менен Токио аймактагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн күчөтүшү керек деп билдирди.
«Дипломатиялык көз караштан алганда, Япониянын да мындай саммиттерди ийгиликтүү өткөрүшү абдан маанилүү», — деп белгиледи ал.
Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы Садыр Жапаровдун сапары тууралуу кийинчерээк жарыялай турганын убада кылды.
Борбордук Азия-Жапония диалогунун 20 жылдыгын белгилөө үчүн тараптар 2024-жылдын август айында Казакстанда саммит өткөрүүнү пландаштырышкан, бирок Жапонияда күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн деген эскертүүлөрдөн кийин сапар акыркы мүнөттө жокко чыгарылган.
Бул жылы жолугушууну өткөрүү планы ноябрь айынын аягында белгилүү болгон. Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичи алдыдагы саммитти ресурстарга бай мамлекеттер менен мамилелерди чыңдоо, экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү катары колдонууга үмүттөнөт.


