Бүгүн, 9-декабрда саат 9:40 чамасында милицияга № 10 жана № 62 мектептерге жарылуучу түзүлүштөр коюлган деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге тергөө топтору, кайгуул жана куткаруу топтору, өрт өчүрүү бригадаларынын экипаждары жөнөтүлдү. Мектептин кызматкерлери жана окуучулары эвакуацияланып, аймак курчоого алынды. Укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, 8-декабрда 102 кызматына «Народный», «Глобус», «Достор» жана «Спар» чекене соода тармактарында бомба бар деген маалымат келип түшкөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында билдирүү жалган экени аныкталды.


