Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 30 шайлоо округунун 29унда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын тастыктады. Бул тууралуу БШК жарыялады.
Комиссиянын маалыматы боюнча, № 13 шайлоо округунун жыйынтыктары гана жокко чыгарылды. Ал жердеги талапкерлердин биринин жактоочулары шайлоочуларды видеого тартып, добуш берүүнүн купуялуулугун бузган. Мыйзамга ылайык, округда кайра шайлоо бир айдын ичинде белгиленет жана мурунку талапкерлер кайра шайлоого катыша алышпайт.
Шайлоо 30-ноябрда болуп, ар бир округда үчтөн депутат шайланды:
- Нурланбек Тургунбек уулу;
- Азизбек Турсунбаев;
- Айсаракан Абдибаева;
- Куванычбек Конгантиев;
- Жаныбек Абиров;
- Жылдыз Садырбаева;
- Дастан Бекешев;
- Болот Ибрагимов;
- Гуля Кожокулова;
- Эльвира Сурабалдиева;
- Марлен Маматалиев;
- Умбеталы Кыдыралиев;
- Жумабек Салымбеков;
- Улукбек Карыбек уулу;
- Гульнара Акимбаева;
- Нурланбек Азыгалиев;
- Улукбек Узакбаев;
- Чолпон Эсенаманова;
- Карим Ханджеза;
- Бакыт Чомоев;
- Гулжан Сатиева;
- Абылдабек Эгембердиев;
- Медербек Алиев;
- Эдита Тайгараева;
- Темирлан Айтиев;
- Сеидбек Атамбаев;
- Токтобубу Ашымбаева;
- Бахридин Шабазов;
- Бакыт Тентишев;
- Эркеайым Сейтказиева;
- Медербек Саккараев;
- Эркинбек Исеналиев;
- Джамиля Исаева;
- Нурбек Сыдыгалиев;
- Адилет Белеков;
- Гулсункан Жунушалиева;
- Кубанычбек Самаков;
- Улан Бакасов;
- Жылдыз Таалайбек кызы;
- Дастанбек Джумабеков;
- Медербек Чотонов;
- Медина Кайрылбекова;
- Акылбек Тумонбаев;
- Табылды Муратбеков;
- Гулкан Молдобекова;
- Эрулан Кокулов;
- Болот Сагынаев;
- Рахат Жунушбаева;
- Советбек Рустамбек уулу;
- Уланбек Жаанбаев;
- Нилуфар Алимжанова;
- Эльдар Сулайманов;
- Азамат Исираилов;
- Айгуль Ахмедова;
- Алишер Козуев;
- Илимбек Кубанычбеков;
- Гулай Машрапова;
- Жанар Акаев;
- Улан Примов;
- Нуржамал Торобекова;
- Данияр Толонов;
- Азамжан Джалилов;
- Жылдыз Эгенбердиева;
- Курманкул Зулушев;
- Суйунбек Омурзаков;
- Гулнара Баатырова;
- Алтынбек Кудабердиев;
- Бекмурза Эргешов;
- Салтанат Аманова;
- Чынгыз Ажибаев;
- Исманали Жороев;
- Камила Талиева;
- Ырысбек Атажанов;
- Бактыяр Калпаев;
- Бурун Аманова;
- Равшанбек Рысбаев;
- Жаныбек Аматов;
- Махабат Мавлянова;
- Шаирбек Ташиев;
- Алтынбек Кылычбаев;
- Венера Салямова;
- Бекмырза Чолпонбай уулу;
- Талайбек Масабиров;
- Жылдыз Курманалиева;
- Болотбек Борбиев;
- Кундузбек Сулайманов;
- Гулшаркан Култаева.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтүшү мүмкүн экенин белгиледи.


