Бишкекте «Мурас» салттуу достук мелдеши 9-ирет өтөт. Командалардын тизмеси

09:00, 10 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

13-14-декабрда өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен «Мурас» салттуу достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтка айланган бул достук мелдеши тогузунчу жолу ойнотулат.

Мелдешке төмөнкү командалар күч сынашат:

  • «Президенттин командасы»;
  • «Аймактар»;
  • «Билим»;
  • «Ден соолук»;
  • «Динамо»;
  • «Достук»;
  • «Журналистер»;
  • «Коопсуздук»;
  • «Көзөмөл»;
  • «Өнөр»;
  • «Спорт чеберлери»;
  • «Фемида»;
  • «Ыйман»;
  • «Элчилер»;
  • «Иш башкармалык»;
  • «Юстиция».

Турнир Кыргыз футбол биримдигинин спорткомплексинде жана «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлөт.

Кыргыз футбол биримдиги футбол жана футзал күйөрмандарын аталган мелдештин оюндарына күбө болууга чакырат! Оюндар саат 9:00до башталат.

Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана президентинин Администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулат.