Ош облусунун Араван районунда жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоого байланыштуу беш мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай массивиндеги жер тилкелерин трансформациялоодо жемкорлукка барышкан деп шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Айыпталып жаткандар:
- Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы. Ал 58 жашта.
- Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн 72 жаштагы мурдагы башчысы.
- Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы жер адиси. Ал 56 жашта.
- Нурабад айыл өкмөтүнүн 57 жаштагы мурдагы жер адиси.
- Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы адиси. Ал 40 жашта.


