Министрлер кабинетинин төрагасы Россияга иш сапары менен барат

14:03, 10 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-12-декабрда Россиянын Москва шаарына иш сапары менен барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.