Роберт Просинечки Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болду

14:43, 10 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Белгилүү хорватиялык машыктыруучу Роберт Просинечки расмий түрдө Кыргызстан футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Келишимге бүгүн, 10-декабрда Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кол коюлду.

Келишимдин шарттарына ылайык, Роберт Просинечки команданы бир жыл, бир ай башкарат. Эгерде команда 2027-жылдагы Азия кубогунда жакшы оюн көрсөтсө, келишим автоматтык түрдө дагы үч жылга узартылат.

Камчыбек Ташиев белгилүү машыктыруучунун келиши улуттук курама командага жаңы дем берип, команданын алдында олуттуу милдеттер тургандыгын белгиледи.Роберт Просинечкинин жетекчилиги астында команданын оюнунда да, машыгуу түзүмүндө да олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

Фото Кыргыз футбол биримдиги. Роберт Просинечки Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болду

Роберт Просинечки дүйнөлүк футболдогу эң көрүнүктүү инсандардын бири. Машыктыруучу Хорватия, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Түркия жана Черногориянын курама командаларын жетектеп, бир катар европалык клубдар менен иштеген.

Футболчу катары ал «Реал Мадрид», «Барселона», «Црвена Звезда» жана башка алдыңкы клубдарда ойногон. Ал эми 1998-жылы Хорватиянын курама командасы менен Дүйнөлүк кубокто коло медалды жеңип алган.

Жакын арада Просинечки курама менен иштөөнү баштап, алдыдагы беттештерге жана турнирлерге спортчуларды даярдай баштайт.