Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мария Корин Мачадо сыйлык тапшыруу аземине катышкан жок. Бул тууралуу BBC News билдирди.
Венесуэла оппозициясынын лидери Мачадо Венесуэлада демократияны орнотууга жумшаган аракеттери үчүн Нобель тынчтык сыйлыгына ээ болгон жана ал шаршемби күнү салтанатта расмий түрдө сыйлыкты алышы керек болчу.
Шейшемби күнү Нобель институту тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мария Корина Мачадо үчүн өткөрүлө турган басма сөз жыйынын жокко чыгарып, анын кайда экенин билбей турганын билдирди.
Альфред Нобельдин профили түшүрүлгөн дипломду жана алтын медалды лауреаттын кызы Ана Корина Соса Мачадо алды. Ал ошондой эле сахнада апасынын атынан Нобель сөзүн сүйлөдү.
«Бул сыйлыктын терең мааниси бар. Себеби дүйнөгө демократиянын маанилүү экенин эскертет. Ал эми биз, венесуэлалыктар, дүйнөгө сунуштай турган эң маанилүү нерсе — бул узак жана татаал жолдо алган сабагыбыз. Демократияга ээ болуу үчүн биз эркиндик үчүн күрөшүүгө даяр болушубуз керек. Эркиндик — бул күн сайын тастыкталышы керек болгон тандоо, аны коргоого болгон даярдыгыбыз жана кайраттуулугубуз менен өлчөнөт», — деди Мачадо өз сөзүндө.


