Казакстандын Алматы шаарында балдар жана кыздар арасындагы жеңил атлетика боюнча республикалык мелдештер өттү. Бул тууралуу Сатымкул Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги жаштар спорт мектебинен (СДЮШОР) билдирди.
Кыргызстандык спортчулар ар бири төрттөн алтын жана коло медалдарды, ошондой эле үчтөн күмүш медалды жеңип алышты.
Алматы жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган мелдешке жалпысынан 120 спортчу катышты.


